«Айыл Банк» ААК Германиядан Кыргызстанга айыл чарба техникасын алып келүү боюнча келишим түздү.

24.04.2024

«Айыл Банк» ААК Германиядан Кыргызстанга айыл чарба техникасын алып келүү боюнча келишим түздү.

«Айыл Банк» ААК менен AMAZONEN-WERKE H. DREYER SE & Co компаниясы Германиядан Кыргызстанга айыл чарба шаймандарын жеткирүү боюнча келишим түзүштү.

22-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Ө.Текебаев, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлү, «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ж. Норузбаев жана Лизинг бөлүмүнүн башчысы У.Акматов, ошондой эле «МТС К.О. Стандарт Агросервис» ЖЧКсы Хазберген шаарындагы айыл чарба коммуналдык техникасын чыгаруучу AMAZONEN-WERKE H. DREYER SE & Co компаниясында болушту. 

Директор Кристоф Драйер ири жана чакан айыл чарба ишканалары үчүн жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берүүчү кызыктуу каржылоо инструменттерин белгиледи. AMAZONEN өнүмдөрү дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүндө колдонулат. 

Жолугушуунун жүрүшүндө «Айыл Банк» ААКсы, «МТС К.О. Стандарт Агросервис" жана "AMAZONEN-WERKE H. DREYER SE & Co." компаниялары ортосунда техникаларды жеткирүү боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. 

← Тизме боюнча артка