«Айыл Банк» футзал боюнча Банктар аралык турнирде

22.04.2024

«Айыл Банк» футзал боюнча Банктар аралык турнирде

2024-жылдын 20 жана 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын банктары арасында футзал боюнча алгачкы беттеш өткөрүлдү.

  • Биринчи беттеште Айыл Банктын командасы Улуттук банктын командасы менен ойноп, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
  • Экинчи беттеште РСК банк менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгыш менен жыйынтыкталды.


Эки күндүк оюнда катышуучулар шамдагайлыктарын көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан таймаш тартуулай алышты.

Турнирдин максаты – каржы мекемелеринин кызматкерлери арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук иш-чараларды өткөрүү аркылуу банк кызматкерлеринин ортосунда бейформал байланышты өнүктүрүү, ошондой эле өлкөдөгү футзалдын деңгээлин өстүрүүгө жана жогорулатууга колдоо көрсөтүү.

← Тизме боюнча артка